Узак моонотко ижарага беруу боюнча конкурс жарыялайт
Сузак району Барпы айыл аймагынын айыл өкмөтү Күмүш-Азиз
айылы Айдың участкасындагы муниципалдык менчиктеги 8,0 га жер тилкесин балык
чарбасы жана балыктарга жем чыгаруучу завод курууга ижарага берүүгө.
КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ.
Барпы айыл аймагы Күмүш-Азиз айылы Айдың
участкасында жайгышкан 3-05-13-0014-1064 сыр белгиси менен катталган муниципалдык
менчикте турган 8.0 га жер тилкесине 1
лот менен балык чарбасы жана балыктарга жем чыгаруучу завод курууга ижарага
берилет.
1. Конкурска коюлган жер – ижара
2. Ижара мөөнөтү 49 жыл
3. Конкурска коюлган жер тилкеси 1 лот менен 8.0 га
4. Ижара акысы 8.0 га жер аянтына бир жылга 160 000
(жүз алтымыш миң) сом
5. Кепилдик төлөм баанын 20% өлчөмүн түзөт
6. Конкурс өткөрүү убактысы 2024-жыл 2-май күнү саат 10:00
дөн баштап өткөрүлөт.
7. Өткөрүлүүчү жай Сузак району Барпы айыл аймагынын айыл
өкмөтү имараты Комсомол айылы А.Азимканов көч № 213
8. Конкурска катышуу үчүн төмдөгү көрсөтүлгөн тиешелүү
документтер менен арыз кабыл алуу мөөнөтү 2024-жылдын 30-апрелине чейин жумуш
күндөрү 8:30 дан 17:00 гө чейин жүргүзүлөт.
Конкурска
катышуучуларга коюулган талаптар:
1. Арыз берүү
2. Кепилдик төлөмүн төлөө
3. Инвестициялык долбоор тапшыруу
4. Жердин багытын өз калыбында сактоо
5. Курулуш иштерин 1 жылдын ичинде аяктап ишке киргизүү
6. Жумуш ордун түзүү жана жумушчулардын 70 пайыздан кем эмес
Барпы айыл өкмөтүнүн тургундарын камсыздоо
7. Ар жыл сайын Барпы айыл аймагында социалдык маселелерин
чечүүдө соц пакет уюштуруу
8. Инвестициялык долбоордун экологиялык жана экономикалык туруктуулугу
9. Айыл аймактагы коомдук иштерге активдүү катышуу.
Конкурска
катышуучуларына коюлган талаптар боюнча иш кагаздар Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык кабыл
алынат.
Кошумча
маалымат алуу үчүн Барпы айыл аймагынын айыл өкмөтү имараты Комсомол айылы
А.Азимканов көч № 213 дарегине 1 кабат №14 кабинетке кайрылсаңыздар болот.
Байланыш номерлер: Барпы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адистери С.Назаров
+996(770)38-24-93 Ү.Абжалилов +996 (995)00-95-25