Барпы айыл аймагында 750 орундуу Н.Алыкулов мектебинин курулуш иштери аяктоо алдында

Screenshot 51 1 1536x751

Барпы айыл аймагына караштуу Мин-Өлкө айылында 750 орундуу Н.Алыкулов атындагы жаңы мектептин курулуш иштери аяктоо алдында турат.

Жаңы мектептин курулушу айылдагы билим берүү шарттарын жакшыртуу, окуучулар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу окуу чөйрөсүн түзүү максатында ишке ашырылууда.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Мектеп имаратынын курулуш иштеринин негизги бөлүгү бүткөрүлүп, учурда объектти пайдаланууга берүүгө даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин пайдаланууга берилиши Мин-Өлкө айылынын жана жалпы Барпы айыл аймагынын билим берүү инфраструктурасын чыңдоого олуттуу салым кошот. Ошондой эле окуучулардын билим алуусу үчүн жакшы шарт түзүлүп, мектептеги орун тартыштыгын азайтууга өбөлгө болот.

Долбоор боюнча объектти 2025-жылдын 31-августунда пайдаланууга берүү пландалган.

Жаңы мектептин ишке кириши окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн маанилүү социалдык окуя болуп, аймактагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана жаш муундун өнүгүүсү үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген