Түрк-Абад айылында мурдагы мектеп имаратынын ордунда «Алтын-Балалык» бала бакчасы жаңыланып ачылды

506297258 697328449953997 6647025171340327563 n

2025-жылдын 10-июнунда Барпы айыл аймагына караштуу Түрк-Абад айылында «Алтын-Балалык» бала бакчасынын расмий ачылышы болуп өттү.

Жаңы бала бакча мурдагы эски мектеп имаратынын базасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап талаптарга ылайык жаңыланды. Натыйжада мурда пайдаланылып келген имарат жаңы социалдык багытка өткөрүлүп, мектепке чейинки курактагы балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Бул маанилүү социалдык долбоор Барпы айыл өкмөтүнүн демилгеси менен Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду жана Сузак райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу аркылуу ишке ашырылды.

Долбоордун жалпы сметалык баасы 9 млн 75 миң 533 сомду түздү. Анын ичинен 3 млн 75 миң 533 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2025-жылдын февраль айында башталып, май айында толугу менен аяктаган. Кыска убакыттын ичинде имарат жаңыланып, балдардын тарбия алуусу үчүн ылайыктуу шарттар даярдалды.

Жаңыланган «Алтын-Балалык» бала бакчасы 75 балага ылайыкталган. Мекеменин ишке берилиши айылдагы мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, ата-энелер үчүн да чоң жеңилдик түзөт.

Мурдагы мектеп имаратынын жаңы максатта пайдаланылышы — айылдагы болгон ресурстарды натыйжалуу колдонуу, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана жергиликтүү калктын муктаждыктарына жооп берүү багытындагы ийгиликтүү кадамдардын бири.

Барпы айыл өкмөтү билим берүү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, балдар үчүн татыктуу шарттарды түзүү багытындагы иштерди мындан ары да улантат.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген