Барпы айыл аймагына караштуу Төөлөс айылында 2024-жылы жаңы балдар бакчасынын курулуш иштери башталган.
Долбоордун негизги максаты — айылдагы мектепке чейинки курактагы балдар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү.
Жаңы балдар бакчасынын жалпы сметалык баасы 21 794,458 миң сомду түзөт.
Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча курулуш иштерин жүргүзүү үчүн «Байэл» ЖЧКсы менен 19 933,968 миң сомго келишим түзүлгөн.
Долбоорду каржылоо төмөнкү булактардын эсебинен каралган:
- Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун салымы — 18 240,968 миң сом;
- өздүк салым — 1 090,0 миң сом.
Жаңы балдар бакчасынын курулушу Төөлөс айылы үчүн маанилүү социалдык долбоорлордун бири болуп саналат. Объекттин ишке берилиши балдардын коопсуз жана талапка жооп берген шарттарда тарбияланышына, ата-энелер үчүн ыңгайлуулуктун жогорулашына жана айылдагы билим берүү инфраструктурасынын кеңейишине өбөлгө түзөт.
Барпы айыл өкмөтү айыл аймагындагы социалдык объекттерди куруу жана жаңылоо, анын ичинде билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу багытындагы иштерди улантууда.


