Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту тарабынан калктын коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин аныктоо боюнча анонимдүү онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө.
Изилдөөнүн максаты – жарандардын коррупцияга каршы көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматын, анын көрүнүштөрү жөнүндө кабарлоо жолдорун жана бул багыттагы пикирин үйрөнүү болуп саналат.
Сурамжылоо анонимдүү жана ыктыярдуу түрдө 2026-жылдын 30-сентябрына чейин жүргүзүлөт.
Сурамжылоодон төмөндөгү ссылка же QR-код аркылуу өтүүгө болот.