2026-жылдын 4-августунда Барпы айыл өкмөтүндө кезектеги аппараттык жыйын өткөрүлдү.

765694061 1041150615571777 6359007871483117514 n

2026-жылдын 4-августунда Барпы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө кезектеги аппараттык жыйын өткөрүлүп, анда айыл өкмөтүнүн аппаратынын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маанилүү маселелер каралды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын негизги талаптары жана аларды жергиликтүү деңгээлде аткаруу боюнча милдеттер тууралуу маалымат берилди.

Айрыкча мамлекеттик жана муниципалдык кызматта коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу, кызматтык ыйгарым укуктарды так жана мыйзамдуу пайдалануу, жарандар менен иштөөдө ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле жыйында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кызматтык этика нормаларын так сактоосу, кызмат учурунда жарандарга сылык жана калыс мамиле кылуусу, берилген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруусу зарылдыгы белгиленди.

Жарандардын кайрылуулары менен иштөө маселеси да кеңири талкууланды. Жооптуу кызматкерлерге келип түшкөн арыздарды, сунуштарды жана кайрылууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз убагында карап чыгуу, жарандарга негиздүү жана толук жооп берүү, кайрылууларды кароодо создуктурууга жол бербөө боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучуларына жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, тиешелүү мамлекеттик органдар, билим берүү мекемелери жана коомчулук менен биргеликте алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү зарылдыгы айтылды.

Жыйындын жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине:

  • коррупцияга каршы мыйзамдардын жана мамлекеттик стратегиянын талаптарын так сактоо;
  • кызматтык жана аткаруучулук тартипти күчөтүү;
  • жарандардын кайрылууларын сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө кароо;
  • калк арасында укуктук түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү;
  • берилген тапшырмалардын аткарылышын туруктуу көзөмөлгө алуу

боюнча тиешелүү милдеттер жүктөлдү.

Аппараттык жыйындар Барпы айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүндө аткаруучулук тартипти жогорулатууга, кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүүгө жана жергиликтүү калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган туруктуу иш-чаралардын бири болуп саналат.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген