Кечээ Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы жайлоодо жүргөн жергиликтүү тургундар жана чабандар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрү жана сунуштары менен жеринде таанышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жайлоодо мал багып жүргөн жарандар тарабынан бир катар маанилүү маселелер көтөрүлдү. Алардын негизгилери — жайлоого алып баруучу жолдун абалын жакшыртуу, көпүрөнү оңдоо жана Курук-Сай участкасына мал жандыктарын сугаруучу атайын жай куруу маселелери болду.
Айыл өкмөтүнүн башчысы айтылган көйгөйлөрдү жеринен көрүп чыгып, аларды чечүү боюнча тиешелүү иштерди уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле жолугушууда жайлоодо багылып жаткан мал жандыктарынын саламаттыгына байланыштуу маселелер талкууланды. Мал ооруган учурларда аны өз убагында кароо, дарылоо жана ветеринардык жардам көрсөтүү, бул багытта чабандар менен тыгыз кызматташып иш алып баруу зарылдыгы айтылды.
Мындан тышкары, жайлоодогу шарттарды жакшыртуу, малчылар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, инфраструктуралык көйгөйлөрдү этап-этабы менен чечүү боюнча пикир алышуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында жарандар тарабынан айтылган сунуштар жана көйгөйлөр эске алынып, аларды чечүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү белгиленди.
Барпы айыл өкмөтү жергиликтүү тургундар менен түз байланышта иш алып барып, айыл аймагындагы жана жайлоодогу көйгөйлөрдү жеринен аныктоо жана аларды чечүү багытындагы иштерди улантат.


