Барпы айыл өкмөтүндө 3-март — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү белгиленди

645946890 911734511846722 1604920176996816345 n

Бүгүн Барпы айыл өкмөтүндө 3-март — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү белгиленди.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн, биримдигинин жана мамлекеттүүлүгүнүн маанилүү символу экендиги белгиленди.

Ошондой эле мамлекеттик символдорго урмат-сый менен мамиле кылуу, мекенчилдик сезимди бекемдөө жана жаш муунду Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо ар бир жарандын маанилүү милдеттеринин бири экени айтылды.

Иш-чаранын катышуучулары өлкөнүн тынчтыгын, эгемендүүлүгүн жана элинин биримдигин даңазалап, Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнө жакшы каалоо-тилектерин билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу — элибиздин эркиндигин, тарыхын, намысын жана келечекке болгон ишенимин чагылдырган ыйык мамлекеттик символ.

Барпы айыл өкмөтү бардык жарандарды 3-март — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү менен куттуктайт!

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген