Барпы айыл өкмөтүндө KOICA жана Good Neighbors Kyrgyzstan уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

746384486 1021970014156504 6766715144015418189 n

Бүгүн Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Бегматов Батырбек Аскарович Корея мамлекетинен келген KOICA жана Good Neighbors Kyrgyzstan уюмунун атайын өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун алкагында Барпы айыл аймагына караштуу Боз-Чычкан, Жар-Кыштак-2 жана Комсомол айылдарында айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор тааныштырылып, аларды ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Андан соң уюмдардын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолугуп, айыл чарба тармагындагы учурдагы көйгөйлөр, өндүрүштү жакшыртуу, фермерлерге колдоо көрсөтүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча пикир алышты.

Айыл тургундары менен болгон жолугушууда айыл чарбасын өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан маселелер, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору, ошондой эле келечекте инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу багыттары талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактын айыл чарба потенциалын натыйжалуу пайдалануу, жергиликтүү дыйкандар жана фермерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, заманбап тажрыйбаларды жайылтуу жана тышкы өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү маанилүү экендиги белгиленди.

Тараптар мындан ары да кызматташууну улантып, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча иштерди улантууну пландаштырышты.

Бул жолугушуу Барпы айыл аймагындагы айыл чарба тармагын өнүктүрүү, жергиликтүү калктын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана эл аралык уюмдар менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген