Барпы айыл аймагында сууга түшүүдөн болгон кырсыктардын алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү

0cce3c98 a519 40fe 9c0d 54a7c18851af

Барпы айыл аймагында сууга түшүүдөн болгон кырсыктардын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында атайын профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — жайкы мезгилде суу каналдарына, көлмөлөргө, дарыяларга жана башка суу объектилерине түшүү учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон кырсыктардын алдын алуу, ошондой эле калк арасында коопсуздук эрежелерин кеңири түшүндүрүү болуп саналат.

Алдын алуу иштеринин жүрүшүндө жарандарга сууга түшүүдө коопсуздук талаптарын так сактоо, уруксат берилбеген жана кооптуу жерлерде сууга түшпөө, балдарды жана жаш өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өзгөчө көңүл балдардын жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна бурулуп, ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө балдардын суу объектилерине өз алдынча баруусуна жол бербөө, алардын эс алуусун туруктуу көзөмөлдөө сунушталды.

Ошондой эле жарандарга мас абалында сууга түшүүгө, суу объектилеринде кооптуу оюндарды уюштурууга жана өз өмүрүнө коркунуч келтире турган аракеттерге жол бербөө керектиги эскертилди.

Профилактикалык иш-чаралардын алкагында суу объектилерине жакын аймактарда коопсуздук талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кырсык болгон учурда ыкчам кызматтарга дароо кайрылуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Барпы айыл өкмөтү жарандарды жайкы эс алуу мезгилинде суудагы коопсуздук эрежелерин так сактоого, өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

Сууга түшүүдөн болгон кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык иштер айыл аймагында мындан ары да улантылат.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген