Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын негизинде Барпы айыл аймагында айылдагы ишкер айымдарды даңазалоого арналган иш-чара өткөрүлдү.
Аталган иш-чара Аялдар кеңешинин төрайымы Малика Эсенованын демилгеси жана Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Ислам Маматсабировдун колдоосу менен уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты — айыл аймагында эмгектенип, жеке ишкердикти өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан айымдардын аракетин коомчулукка таанытуу, алардын тажрыйбасын жайылтуу жана аялдардын экономикалык активдүүлүгүн колдоо болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө ишкер айымдар өздөрүнүн иш баштоо тарыхы, жетишкен ийгиликтери, туш болгон кыйынчылыктары жана аларды жеңүү жолдору тууралуу ой-пикирлерин бөлүштү. Катышуучулар арасында тажрыйба алмашуу болуп, бири-бирине колдоо көрсөтүү жана жаңы дем берүү атмосферасы түзүлдү.
Айыл жергесинде ишкердик менен алектенген айымдардын эмгеги үй-бүлөнүн кирешесин көбөйтүү менен гана чектелбестен, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана коомдук активдүүлүктү жогорулатууга да чоң салым кошору белгиленди.
Өзгөчө ишкер айымдардын ийгилик тарыхтары жаштар жана өз ишин баштоону каалаган аялдар үчүн жакшы үлгү болуп, максатка умтулуу, эмгекчилдик жана демилгелүүлүк аркылуу ийгиликке жетүүгө болорун көрсөттү.
Мындай иш-чаралар аялдардын коомдогу ордун бекемдөөгө, алардын ишкердик демилгелерин колдоого жана айыл аймагындагы экономикалык өнүгүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот.
Барпы айыл өкмөтү ишкер айымдардын демилгелерин колдоону жана алардын айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалоону улантат.





