Коррупцияга каршы аракеттенүү — ачык жана жоопкерчиликтүү башкаруунун негизи

WhatsApp Image 2026 11 05 at 17.17.00

Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Коррупция коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, мамлекеттик институттарга болгон ишенимге жана жарандардын укуктарынын толук камсыздалышына олуттуу тоскоолдук жаратат.

Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын ачыктыгын жогорулатуу, жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин бекемдөө багытында комплекстүү чаралар көрүлүүдө.

2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин №137 Жарлыгы менен 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилген. Стратегиянын негизги максаты — коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонуу, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, анын кесепеттерин жоюу, мамлекеттик бийлик органдарына жарандардын ишенимин жогорулатуу жана коомдо коррупциялык көрүнүштөргө карата чыдамсыздыкты калыптандыруу.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууда ачыктыкты камсыз кылуу

Мамлекеттик стратегияда коррупциянын алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана ачыктыгын камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулган.

Ошондой эле коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу негизги милдеттердин бири катары белгиленген.

Бул багытта Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндө да мыйзамдуулукту сактоо, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын камсыз кылуу, жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү жакшыртуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча иштер жүргүзүлөт.

Коррупцияга каршы жаңы мыйзамдык талаптар

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2026-жылдын 13-февралындагы №14 «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлган.

Бул мыйзам коррупцияга каршы аракеттенүүнүн принциптерин, коррупциянын алдын алуунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, ошондой эле коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин минималдаштырууга жана жоюуга багытталган чараларды аныктайт.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн кызматтык абалды жеке кызыкчылык үчүн пайдаланууга, мыйзамда каралбаган сый акы жана артыкчылыктарды алууга, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол берүүгө жана кызматтык маалыматты жеке пайда үчүн пайдаланууга байланыштуу бир катар чектөөлөр белгиленген.

Коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу

Коррупциянын алдын алууда мыйзамдардын болушу гана эмес, коомдо коррупцияга жол бербестик маданиятын калыптандыруу да чоң мааниге ээ.

Мыйзамда коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттери өз кызматкерлеринин укуктук билим деңгээлин жогорулатуу боюнча туруктуу окутууларды өткөрүп туруусу, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматты расмий сайттарга жарыялоосу жана жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү белгиленет.

Исхак-Полотхан айыл өкмөтү жарандарды мыйзамдуулукту сактоого, коррупциялык көрүнүштөргө кайдыгер карабоого жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын ачык-айкын болушуна активдүү салым кошууга чакырат.

Коррупцияга каршы күрөш — бир гана мамлекеттик органдардын эмес, жалпы коомдун жана ар бир жарандын милдети.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген