Таш-Акур участкасынын генералдык планын түзүү маселеси каралды

740967186 1018638501156322 7257387920677179583 n

Барпы айыл өкмөтүнүн Таш-Акур участкасын мындан ары ирээттүү жана пландуу өнүктүрүү максатында генералдык план түзүү маселеси каралды.

Талкуунун жүрүшүндө аймактын келечектеги социалдык жана инфраструктуралык муктаждыктарын эске алуу менен генералдык планга бир катар маанилүү объектилерди киргизүү сунушталды.

Атап айтканда, мектеп, бала бакча жана парк куруу үчүн тиешелүү аймактарды алдын ала белгилеп, аларды генералдык пландын курамына киргизүү зарылдыгы айтылды.

Бул сунуштар Таш-Акур участкасында калктын санынын өсүшүн, жашоочулардын социалдык муктаждыктарын жана келечектеги курулуш иштерин системалуу жүргүзүүнү камсыз кылууга багытталган.

Генералдык планды иштеп чыгууда турак жай курулушу менен катар билим берүү, эс алуу жана коомдук инфраструктура объектилерин туура жайгаштыруу өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленди.

Аймактын генералдык планын түзүү келечекте жер тилкелерин натыйжалуу пайдаланууга, курулуш иштерин иретке келтирүүгө жана Таш-Акур участкасында жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Барпы айыл өкмөтү аймактарды комплекстүү өнүктүрүү, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана калк үчүн керектүү объектилерди алдын ала пландаштыруу багытындагы иштерди улантат.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген