«KEL Start» инновациялык долбоорлордун жана стартаптардын улуттук конкурсу

9ce4b5e8 fcc0 4dd3 b8de 24ffe73702db

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду тарабынан «KEL Start» инновациялык долбоорлордун жана стартаптардын улуттук конкурсу өткөрүлүүдө.

Конкурстун негизги максаты — инновациялык ишкердикти стимулдаштыруу, стартап-экосистеманы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү келечектүү долбоорлорду колдоо.

Кимдер катыша алат?

Конкурска инновациялык долбоорлору жана стартап-идеялары бар:

  • жеке ишкерлер;
  • юридикалык жактар;
  • Кыргыз Республикасынын жарандары;
  • башка жеке жактар катыша алышат.

Финансылык колдоо

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүү каралган:

Инновациялык долбоорлорго — 2 000 000 сомго чейин;

Стартаптарды колдоого — 1 000 000 сомго чейин.

Инновациялык идеясы же келечектүү долбоору бар жарандарды жана ишкерлерди «KEL Start» улуттук конкурсуна активдүү катышууга чакырабыз.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген